"Эркин-Тоо"

Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмыштарга шектүү жаран изделүүдө

2023-жылдын 5-июнь күнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын  тургуну 1994-жылы туулган Сабыров Кушубек Талантбекович изделүүдө. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адамды уурдоо), 207-беренеси (Каракчылык), 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана  122-беренеси (Адам өлтүрүү)  менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 2023-жылдын 30-май күнү өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон.
Кылмышка шектүү К.Сабыров ден-соолугум жакшы болбой жатат-деп нөөмөт өтөп жаткан нөөмөткер-милиционер милициянын сержанты Ж.Тга кайрылып, жардам сураган.   Милициянын сержанты кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда К. Сабыров жүрөгү ооруганын айтып берип,  дары-дармек берүүнү өтүнгөн соң, милиционер-нөөмөткер нөөмөт бөлүмүнө барып даары алып келген. Ошол маалда К.Сабыров милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты  мойнуна такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап жана оозуна чүпүрөк салып, анын жанындагы убактылуу кармоочу жайдын кире бериш ачкычын алып, убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен.
Окуя болгон жерди кароо учурунда, бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен (наручник), андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындаагы батыш тарабынан уюлдук телефону табылып алынган.
Аталган окуя боюнча   тийиштүү багыттамалар берилип,  Мамлекеттик чек ара кызматына Сабыров Кушубек Талантбековичке мамлекеттик чек араны өтүү аракетине бөгөт коюу максатында кароол баракчасы коюлган. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында  шектүүнү кармоо боюнча бир канча пландар  киргизилип, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Аталган факт боюнча Ысык-Ата РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан   Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  368-беренесинин (Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдыры жүргүзүлүүдө. Билгендер жана көргөндөр болсо жакынкы арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номуруна билдирип коюңуздар.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!