"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Ысык-Атада 15 жаштагы кызга нике кыйган имам кармалды

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын 21 жаштагы тургуну Н. Ш. жашы жете элек, 2008-жылы туулган кызга үйлөнүүгө аракет кылганы, 52 жаштагы айылдын имамы  Р. А. аларга нике кыйганы үчүн кармалды.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда Р.А. жана Н.Ш. аттуу жарандар аталган кылмыш ишине шектүү катарында КР КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.