Үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан «Жаңы» бассейнинде жалпы 90 тоннадан ашык балык өлгөн.
Бул факты боюнча «Сууларды булгоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 7-ноябрда кылмыш иши Чүй облустук милициясынын тергөө кызматынын карамагына алынган. Иштин алкагында окуянын чындыгын ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн натыйжасында процессуалдык чечим мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынат.

