Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Ата районундагы балыктардын жапырт кырылышынын себеби аныкталганын билдирди.
Маалыматка караганда, 13-августта Киров айылындагы «Новое озеро» балык чарбасында балыктардын массалык өлүмү катталган. Санитардык-бактериологиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында көлмөдөгү суунун сапаты нормадан бир нече эсе ашып кеткендиги аныкталган.
Адистердин айтымында, мындай көрүнүш кычкылтектин жетишсиздигине, аммиактын жогору деңгээлине жана экологиялык тең салмактын бузулушуна алып келген. Натыйжада балыктардын массалык кырылышы жана алардын көбөйүү жөндөмүнүн төмөндөшү болгон.
Министрлик бул суу санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербей турганын жана экосистема үчүн олуттуу коркунуч жаратарын белгиледи.

