"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Атада шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди (видео)

Ысык-Ата районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу ийгиликтүү аяктады. Объекттин пайдубалына капсула 2023-жылдын декабрь айында салынган болсо, курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында толугу менен бүткөрүлдү.

Жалпы курулушка 26 миллион 334 миң 518 сом каражат жумшалып, эң негизгиси — бул сумма башкармалыктын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланган. Бул жагдай республика боюнча уникалдуу көрүнүш катары белгиленди.

Эки кабат жана жер төлөсү менен курулган имараттын жалпы аянты 435 чарчы метрди түзөт. Ичинде заманбап иш бөлмөлөр, «бирдиктүү терезе» кызматы, архив, конференц-зал жана башка керектүү бөлмөлөр каралган.

Бүгүнкү күндө жаңы кеңсе жарык, кенен жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган. Башкармалыктын жамаатынын айтымында, жаңы имарат кызматкерлердин натыйжалуу иш алып барышына, чыгармачылык изденүүлөргө жана Кант шаары менен жалпы районунун мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө түзмөкчү.