"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Ысык-Атада тери иштетүүчү завод курулат

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ысык-Ата районунда тери иштетүүчү завод курулат.

Маалыматка ылайык, райондогу 100 гектар пайдаланылбай жаткан жеке менчик жер мамлекетке өткөрүлүп, министрликтин алдындагы «Агрохолдинг» мамлекеттик ишканасына берилди. Бул демилге Президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев белгилегендей, тери иштетүүчү завод 1,5 жылдын ичинде курулуп бүтөт.