Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 млн, 867 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аталган фонддун 2019-2022-жылдар аралыгына бюджетинин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665 млн 867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:
— КР бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом;
— мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;
— эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;
— мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сом.
Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249 млн 47 миң сомдун ичинен 152 млн 596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.