"Эркин-Тоо"

«Ысык-Көл» аэропортунун айланасына тор тосмолор коюлат

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы аэропорттун кулап калган тосмосу тууралуу комментарий берди.

Анын социалдык тармактагы баракчасына жазган маалыматына караганда, аэропорттун айланасына тор тосмолор коюлат.

«Тамчы аэропортунун аймагын тоскон дубалдын бир аз бөлүгү катуу шамалга байланыштуу кулап түшкөнү талкууланып жатат. Бул дубал өткөн жылы да урап калып, подрядчы компаниянын эсебинен кайра тургузулган. Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары да урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз», — деди ал.

эске салсак, 17-февралда болгон катуу шамалда «Ысык-Көл» аэропортунун тосмосу экинчи жолу кулаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазган. Аэропорттун айланасындагы тосмолор буга чейин да шамалдан улам оодарылып калган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!