Ысык-Көл облусунда энергетикалык инфратүзүмдү жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул аракеттер «Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында ишке ашууда.
Аталган долбоор боюнча Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 20 даана жаңы трансформатор алып келинип, учурда аларды орнотуу иштери башталды.
Жаңы жабдуулар төмөнкү аймактарга бөлүштүрүлүүдө:
-
Каракол РЭТине – 8 даана,
-
Чолпон-Ата РЭТине – 3 даана,
-
Түп РЭТине – 3 даана,
-
Жети-Өгүз РЭТине – 2 даана,
-
Ак-Суу РЭТине – 2 даана,
-
Балыкчы РЭТине – 1 даана,
-
Тоң РЭТине – 1 даана трансформатор орнотулат.