Ысык-Көл облусунун эки тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1980-жылы туулган К.Д. жана 1959-жылы туулган Б.Д. аттуу жарандардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн. К.Д. аттуу жарандын сарайынан салмагы 112 гр түзгөн «гашиш» баңгизаты табылган. Ал эми экинчи шектүү Б.Д. үйүнөн жалпы салмагы 22 кг 764 гр болгон бир мүшөк «марихуана», марихуананы кайра иштетүүчү машина жана мыйзамсыз сакталган 7,62 калибрдүү сайлуу ок атуучу курал 21 даана 5,45 мм огу менен табылган алынган.
Шектүүлөргө карата КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 1-беренесинин 282-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.
Кармалган жарандар Каракол шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.