Ушул күндөрү берметтей Ысык-Көлүбүздө эс алуу мезгили башталып, өрөөндө иш кызуу жүрүп турган маалы. Биз бул сапар кучагына алыс-жакындан келишкен миллиондогон эс алуучуларды батырган Ысык-Көл районундагы абалды сурап аким Жапарбек Туратовичти сөзгө тарттык.
-Жапарбек мырза, Ысык-Көлдө эс алуу мезгили башталдыбы? Коноктор үчүн камылгаңыздар кандай? Дегеле алдыдагы эс алуу мезгилинде алыс-жакындан канча мейман келээри күтүлүүдө?..
—Ооба, соңку 2 аптада эс алуучулардын саны кескин түрдө көбөйө баштады. Биздин аймактагы конок үйлөрү менен пансионаттар келген меймандарга толду. Эс алуучулар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Өткөн жылы алыс-жакынкы чет өлкөлөрдөн келген эс алуучуларга караганда быйыл алардын саны кадимкидей көбөйгөнү байкалат. Өткөн жылы биздин районго жалпысынан 1 миллион, 300 миңдин тегерегиндеги эс алуучулар келишсе, быйыл бул көрсөткүч андан да көп болот деп турабыз. Сөздүн кыскасы, быйылкы эс алуу маалын жогорку деңгээлде өткөрөбүз деген максатыбыз бар.
-Буга дейре курорттук аймакты башкарган айрым жетекчилер туристтик мезгилде эс алуучулар үчүн тыңгылыктуу шарттарды түзбөгөндүктөн, кызматынан айрылышканы бар. Жетекчи катары жеке сиз курорттук өрөөндүн эс алуу мезгилине карай камылгасынан ката кетирген жоксузбу?
-Биз эс алуу мезгилине карай даярдык менен бүгүн же кече эле эмес, өткөн жылдагы эс алуу учуру аяктагандан бери алпурушуп келе жатабыз. Эс алуу мезгилине карай камылганы жеке эле биздин район эмес, облусубуздун жетекчилиги, өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич өзү баш болуп көзөмөлгө алып, тыкыр көз салууда. Райондо эс алуу мезгилине карай атайын штаб уюштурулган. Учурдагы “30 жылда” деген теманы дал ушул Ысык-Көл районуна бурсак болот. Таңгалычтуусу, эгемендүүлүк жылдары жергиликтүү элди таза суу менен камсыз кылуу, айрыкча, саркынды суу көйгөйү тап-такыр каралбай калыптыр. Соңку 3 жылда Ысык-Көлгө өзгөчө көңүл бурулуп, саркынды суу көйгөйүн чечүү максатында Азия өнүктүрүү банкынан 64 миллион доллар бөлүнүп, Чолпон-Ата, Бостери, Кара-Ой аймактарындагы саркынды суу көйгөйүнө байланышкан иштер быйыл күздө башталганы турат. Быйыл эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Ысык-Көл районундагы ич ара пансионаттарга чейин барчу жолдордун баш-аягы 20 чакырымына транспорт министрлиги аркылуу асфальт бастырганга акча бөлүндү. Учурда 7 чакырымга чейинки ич ара жолдорго асфальт төшөлдү. Биздин аймакка, өзгөчө Чолпон-Ата шаарына келген эс алуучулар үчүн көлгө түшүп бүткөн соң көрүп, эс ала турчу жерлерибиз жок болчу. Өткөн жылы өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевичтин өзүнүн демилгеси, жеке жардамы менен 16 гектар аянтка атайын Президенттик парк курулду. Бул жерге көлдөн чыккан эс алуучулар жакшы эс алгандай шарттардын баардыгы түзүлдү. Мындан тышкары курорттук аймакты жашылдандырып, гүлдөтүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Мунун баарына элибиз күбө болушууда. Буга чейин биздин өрөөнгө келишкен эс алуучулар жол азабынын айынан Бостери, Корумдудан ары өтө албагандай шартта эле. Быйылтан тарта өлкө башчыбыздын жеке жардамы менен Корумду айылынан Түп районуна чейин 80 чакырым жол заманбап шартта (веложүрүшчүлөр үчүн да атайын тилкеси менен) салына баштады. Билгенге мындай иштердин баардыгы эс алуучулар үчүн бирден-бир каралган шарт десек болот. Быйыл көл жээгине мыйзамсыз курулган 50 дөн ашуун курулуштар бузулуп, тазаланды. Суу үстүндөгү техникалар үчүн өзүнчө зоналарды аныктап, ошол жактарга иштетүү боюнча аракеттерди көрүүдөбүз. Ушул сындуу иштерибизди элибиз өзү көрүп, баалап алат деген ойдобуз.
-Соңку жылдары айлана-чөйрөнү коргоо, экология жаатындагы адистер Ысык-Көлдү сазга айланып кетүү ыктымалдыгы боюнча коңгуроо кагышууда. Аймактын башчысы катары мындай коркунучтарга каршы кандай аракеттерди көрүүдөсүз?..
-Биосфералык аймак катары Ысык-Көлдүн экологиясы үчүн бир гана биздин райондун жетекчилиги менен жергиликтүү эли эмес, Өлкө башчыбыз өзү баш болуп олуттуу көңүл буруп, сактап калганга бүт күч аракетин жумшап жатат. Бул боюнча Президентибиздин атайын №131-Жарлыгы чыккан. Быйылтан тарта экологиялык көзөмөл кызматы жана тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте бул жаатта иштер аткарылды. Натыйжада 10 го чукул саркынды суу боюнча көйгөйү бар пансионаттар жабылды. 100 дөн ашык пансионаттар атайын экологиялык талаптарга жооп бергенин тастыктаган паспортторду алышты. Көлүбүздүн экологиясы биздин жетекчиликке же жергиликтүү тургундарга эмес, жалпы элибизге деле керек. Ошону баарыбыз аңдап, түшүнсөк жакшы болмок. Учурда бир катар долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз. Берметтей көлүбүздү таза кармоого мындан 10 жыл мурункуга салыштырмалуу жакшы аракеттер көрүлүп жатат. Соңку 3 жылда көлүбүздү экологиялык жактан таза сактоо үчүн бир топ иштер жолго коюлду. Мындан ары да да эң башкы талабыбыз көлдү экологиялыктан жактан коргоп, сактап калуу болууда.
-Ысык-Көл району, өзгөчө Чолпон-Ата калаасы “кара дүйнө” өкүлдөрүнүн чордону экени баарыбызга маалым. Аймакта азыр криминалдык абал тынчпы? Өткөн жылы “крим-аталыктын” жок кылынышы менен Ысык-Көлгө келген инвесторлордун саны көбөйгөнү ыраспы?..
-Ооба, буга чейин Чолпон-Ата шаары менен Ысык-Көл району сиз атагандай шарттар менен терс жагынан да аты чыгып, бул жагы коомчулуктун аң-сезимине сиңе түшкөн. Бүгүн Президентибиз Садыр Нургожоевичтин туура башкаруусу, УКМКнын башчысы Камчыбек Кыдыршаевичтин жүргүзгөн реформасы менен мыйзамдуулук бир гана биздин Ысык-Көл районунда эмес, өлкөбүздүн аймагы боюнча орноду. Биздин райондо азыр эч кандай кайсы бир топтордун эмес, мыйзамдуулуктун өкүмү күчүнө кирген десем болот. Өзүңөр байкагандай, бүгүн биздин аймакка келишкен инвесторлордун агымы көбөйдү. Жергиликтүү элибиздин да мыйзам талаасында жашагысы келгендиги көрүнүп турат. Меймандар биздин аймакка эч кандай чочулабастан келе беришсе болот.
Калыгул Бейшекеев