"Эркин-Тоо"

Ысык-Көл районундагы Шайыбек Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек АБДЫРАХМАНОВ: “Айыл аймагыбызды келечекте гүлдөгөн шаарга айлантабыз”

Кырктын кырынан эми оогон Уланбек Кадыркулович 25 жашында айыл башчы болсо, 29 жашынан тарта Ысык-Көл районундагы эң ири Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын “эки тизгин, бир чылбырын” кармап келүүдө. Административдик-аймактык реформадан соң Кара-Ой, Бает, Сары-Ой, Чоң-Сары-Ой, Өрнөк, Чок-Тал баштаган 6 айыл Шайыбек Ата айыл аймагына биригип, жетекчилик кайрадан Уланбек Абдырахмановдун шыбагасына туш келген чагы. 15 миңге чукул калкы бар аймактын эли Уланбек мырзаны тартип менен тазалыкты биринчи орунга коюп, ишти ырааттуу жолго салган, жаратмандыкты кан-жанына сиңирип алган сапатын баалашарын жашырышпайт.

Жетекчи жөнүндө маалымат

Уланбек Абдырахманов 1983-жылы Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында туулган. Орто мектепти аяктаган соң 2000-2005-жылдары КР Ички иштер министрлигинин алдындагы генерал-майор Э.Алиев атындагы Академиясын аяктаган. Билими юрист.

2008-2012-жылдары Ысык-Көл районундагы Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын Бает айылынын айыл башчысы.

2012-2016-жылдары Эл депутаттарынын Чоӊ-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын айылдык кеңешинин тѳрагасы.

2017-2020-жылдары Эл депутаттарынын Чоӊ-Сары-Ой айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын айылдык кеңешинин тѳрагасы.

2020-2024-жылдары Чоң-Сары-Ой айыл өкмѳтүнүн башчысы.

2024-жылдан тарта азыркы кʏнгɵ чейин Ысык-Көл районундагы Шайыбек Ата айыл аймагынын айыл өкмѳтүнүн башчысы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

— Уланбек Кадыркулович, ушул күндөрү Ысык-Көл районунда саясий абал кызып, бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерлер мандат бактысына карай талпынган чактары. Айтыңызчы, бул жолку шайлоо курч мүнөздө өтөбү? Шайыбек Ата айыл өкмөтүнүн аймагында алдыдагы шайлоону талаптагыдай уюштуруу жагын колго ала-алдыңызбы?   

— Өзүңөр билесиңер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер шайлоонун үгүтүнө же кайсы бир талапкерге жан тарткан кадамдарга бара албайбыз. Буга мыйзам да жол бербейт! Ал эми уюштуруу жагын колубуздан келишинче жолго коебуз. Биздин жакшы тилегибиз: Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан аламан жарыш жакшы маанайда чыр-чатаксыз жыйынтыкталып, элдин тандоосуна ээ болгон эл өкүлү аймактагы, анын ичинен биздин Шайыбек Ата айыл аймагы жана жашоочуларынын “жеңилин жерден, оорун колдон алган”, элетке керектүү мыйзам долбоорлорун демилгелеген депутат келсе деген үмүттөбүз…

— Эми административдик-аймактык реформа тууралуу сөз кылсак, жергиликтүү эл айыл өкмөттөрдү ирилештирүү жагын кандай кабыл алышты?

— КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жɵнʏндɵ” Жарлыгынын негизинде Ысык-Көл районундагы Кара-Ой жана Чоң-Сары-Ой айыл өкмөттөрү биригип, Шайыбек Ата айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп аталды. Министрлер Кабинетинин №52 токтомунун негизинде айыл өкмөттөгү аппарат кызматкерлеринин саны кыскартылып, штаттык түзүм кайрадан жаңы түзүлдү. Жаңыдан түзүлгөн штаттык бирдиктер, андагы кызматкерлер менен ишти ырааттуу жолго коюп, айыл аймагыбыз, андагы жашоочуларыбыз үчүн колубуздан келишинче иштеп жатабыз. Жергиликтүү элдин административдик-аймактык реформага, айылдарды ирилештирүү жараянына нааразычылыгы жок. Элибиздин андай маанайларын байкаган да жокпуз.

— Жайкы эс алуу мезгилине даярдыктар кандай? Алыс-жакындан келген меймандарды айыл аймагындагы эс алуу жайлары кабыл алганга даярбы? Коноктор үчүн татыктуу шарттар түзүлдүбү?

— Кудай буюрса жайкы эс алуу мезгили башталды. Бул мезгилде Жараткан берген байлыгыбыз болгон Көлүбүздүн жээктерин, жалпы эле айыл аймагыбызды таза кармаганга катуу аракеттерибизди көрүп жатабыз. Биздин айыл аймактын алдында “Тазалык” ишканасы түзүлдү. Мындан тышкары эс алуу жайларынын ар бирин паспорттоштуруп, бүгүн алар атайын паспорттун негизинде иштеп жатышат. Биз ар бир пансионат менен конок үйлөрүнүн тазалыгына өзгөчө көңүл бурабыз. Жуманын ишемби күндөрү конок үйлөрү менен пансионаттар өздөрүнүн айлана-чөйрөсүн тыкыр тазалоого милдеттендирилген.

— Азыр айыл-шаар дебей, жаштардын көпчүлүгү чет өлкөлөргө иштеп кетишүүдө. Шайыбек Ата айыл аймагындагы эмгекке жарамдуулардын арасында чет өлкөгө иш издеп кеткендер барбы? Дегеле айылга жаштарды кармап калуу үчүн кандай иш-аракеттериңиздер бар?

— Биздин айыл аймагыбызда эмгекке жарамдуулардын, өзгөчө жаштар арасында чет жакка иштеп келүүгө кеткендердин саны башка аймактарга салыштырмалуу өтө деле көп эмес. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү эс алуу жайларында жана багбанчылык, мал чарбачылыгы жаатында эмгектенишет. Бул жааттагы статистика өтө деле курч эмес.

— Келечекте Шайыбек Ата айыл өкмөтүн канча жылда өнүктүрүп, эл суктанган аймакка айландыра алам деп ойлойсуз?

— Айыл аймактын каржылык абалын чыңдоо, бюджетти көбөйтүү да жетекчинин негизги максаты экенин билем. Иш-планымдагы негизги приоритет жергиликтүү ишкерлерди колдоп, айыл өкмөттүн бюджетинин көлөмүн көбөйтүү максатында аймактагы ижарачылар менен ижара акысын төлөтүү боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө. Шайыбек Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин көлөмү учурда 126 миллион сомду түзөт. Биздин аймакта социалдык имараттардын саны жетиштүү. Жакында Өрнөк айылына 120 орунду бала бакчанын курулуш иштери башталды. Сары-Ой айылына бала бакча куруу үчүн учурда долбоору даярдалып жатат. Мындан тышкары “Таза Суу” ишканасы түзүлүүдө. Мындан ары биз өндүрүш жагына өзгөчө көңүл буруп, келечекте айыл аймагыбызды гүлдөгөн шаарга айландырыш үчүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин алып барып, жергиликтүү ишкерлерди колдоп, алардын иштерине колдон келген жардамдарыбызды көрсөтүүдөбүз. Жеке ишкерлер карьерлерди иштетип, бетон чыгарып жатышат. Азербайжан Республикасы тарабынан учурда биздин аймакка беш жылдыздуу мейманкана салынаары күтүлүп жатат. Мындан тышкары Азербайжан тарап жергиликтүү тургундарды социалдык пакеттер менен камсыз кылышат. Айтор, тыным жок! Жергиликтүү элибиз үчүн колдон келишинче, мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче бар аракетибизди көрүүдөбүз.

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№47 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 25-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!