"Эркин-Тоо"

Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагынын башчысы Нурдин Молдокматов: “Айылдын ички көйгөйлөрүнө көңүл бурууга мезгил келип жетти”

Аймактык ирилештирүү реформасынын натыйжасы менен айылдар бириктирилип, бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Өкмөт тарабынан да айыл өкмөттөргө көзгө көрүнөөрлүк жардам көрсөтүлүп, техникалар тапшырылууда. Бул багытта Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл аймагынын башчысы Нурдин Молдокматов менен маектештик.

-Нурдин Асейинович, аймактык ирилештирүү сиздерде кандай ишке ашырылып жатат?

Аймактык ирилештирүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Азыр көнүп, иш нугуна түшүп, иштеп жатабыз. Буга чейин ЖКХ деп койчу элек, азыр анын ордуна  айыл өкмөттүн алдында “Келечек”  муниципалдык ишканасы түзүлдү.

Ал уюмга таза суу, сугат суу, тазалык, көркөндүрүү, жайыт, ички жолдорду оңдоо багыттары биригип, 71 адам иштеп жатат. Бул уюмга бюджеттен акча бөлүнбөйт, алар  өзүн-өзү камсыздап, иш алып барууда. Жайыттар да  баягыдай талаа-түздө каалагандай кой жаюу болбой, өз кезеги менен малын чыгарып жатышат.

Бизге аймактарды тазалык, көрктөндүрүү, таза суу, сугат суу менен камсыздоо, ички жолдор, ошондой эле элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо тапшырмасы берилген.

Элди таза суу менен камсыздоо биздин аймакта өтө көйгөйлүү маселе болуп,   скважина менен иштегендиктен оңдоп-түзөө ишине бат эле муктаждык жаралат.

Бүгүнкү күндө таза суу түтүктөрүн куруу Григорьевка айылында  АРИС уюмунун жардамы менен курулуп, бүтүү алдында турат. Айыл элин таза суу менен атайын суу ташуучу машиналар камсыздайт. Ошондой эле, Григорьевка, Кашат, Комсомол, Корумду айылдарында суу насос менен чыгарылат.

Буга чейин таза суу коомдук уюмдун карамагында болсо, азыр муниципалдык ишканага өткөрүлүп, насостор жаңыртылып, Корумду айылына кошумча насос алып бергени турабыз. Бизде жерден 150 метрден эле артезиан суу чыккандыктан, ал насос менен чыгарылат. Элди таза суу, таштандыга болгон төлөмдөрдү убагында төлөгөнгө көндүрүп, бул жагынан да нукка түшүп алдык.

Айыл аймак боюнча таштанды чыгаруучу унаадан 5өө болсо, жакында дагы бир таштанды ташый турган машиналуу болдук. Мурун таштандыларды өрттөп же талаага таштап койсок, азыр экологияны сактоо максатында  атайын машиналар убагы менен барып, чогултуп кетет.

Аймагыбыз Бишкек-Каракол жолунун боюнда жайгашкандыктан жолго да таштанды таштап кеткендер көп. Ошол себептүү, жол боюна таштанды таштабаңыздар деп суранат элек. Бул боюнча район акими Жапарбек Ормонов  да “жол жээгин, пляждарды таза кармагыла” деп бизге катуу талап коюууда.

Биздин айыл аймакка Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир, Кашат, Григорьевка, Семеновка, Кожояр, Пристань-Григоревка айылдары кирип, тоого жакын жайгашкандыктан тоо туризми жакшы өнүгүүдө.

Семеновка айылындагы Кырчын жайлоосунда көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн этно шаарча, Григорьевка айылындагы Чоң-Ак-Суу капчыгайы биздин аймакка кирет. Азыр бул жактарда туристтер арбын болгондуктан, таштанды ташуучу бир унаа ошол жактын тазалыгын көзөмөлдөп турат. Көл жээгинде да бизге тиешелүү пансионаттар бар болгондуктан, ал жактын тазалыгын да карайбыз.

-Айыл аймагыңыздар чоң айылдардан турат экен, социалдык мекемелер жетиштүүбү?

— Аймакта ФАПтарга болгон муктаждык бар. Ас-Сафа фонду Темир айылына ГСВ салып, ошондой эле, медициналык жабдыктарды да коюп беребиз деп жатышат. Келечекте аймагыбызга бул сыяктуу медициналык жайларды куруу боюнча пландар бар.

Аймак боюнча мектеп, бала бакчалардын абалы жакшы. Бирок, беш бала бакчада тең баланын саны көп болуп, бала бакчага муктаждык бар. Азыр дем берүүчү грант менен бала бакча, мектептерге жардам берүүдөбүз. Оңдоп-түзөөгө муктаж объектилерди оңдоп, дем берүүчү гранттын эсебинен Комсомол айылындагы орто мектептин чатыры алмашса,  ошол эле айылдагы “Жылдыз” бала бакчасынын чатырын, терезелерин алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Темир айылындагы Э.Керимгазиев мектебине баруучу жолго 40 жыл мурун асфальт басалыптыр, азыр кайра жаңыртып басып берели деп жатабыз. Андан сырткары  Кашат айылында “Жеткинчек” бала бакчасына, Пушкин орто мектебине баруучу жолдорду оңдойлу деп турабыз.

-Чет элдик инвестициялар менен кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

-Кореялык фонд  бизге “бала бакчалардын ашканаларын оңдоп-түздөөдөн өткөрсөңөр, ашканага керектүү жабдыктарды алып  беребиз” дегендиктен Кашат айылындагы “Жеткинчек” жана Семеновка айылындагы “Ивушка” бала бакчасынын ашканасын оңдоп бүтүп калдык. Буюрса, бул бала бакчалар 1-сентябрда жаңы ашканада балдарды тейлеп баштайт.

Биздин аймак Хельветас, АРИС уюмдары менен тыгыз иштешет. Хельветас уюму муниципиалдык ишканага жергиликтүү деңгээлде жакшы кызмат көрсөткөндүгү үчүн деп, алардын колдоосу менен ишкана кызматкерлери Бишкек шаарынан окуудан окуп келишти. Ошондой эле айыл өкмөткө  бир элеректромуравейник, 10 кВттык генератор белек кылышты.

-Ички инвесторлор боюнча айтып кетсеңиз?

-Аймагыбыз туристтик зона болгондуктан ички инвесторлор арбын. Комсомол айылындагы “Family Рlase» пансионатынын жетекчиси жакында эле жергиликтүү пляжга кеткен жолду өз каражатынын эсебинен оңдоп-түзөп, ошондой эле Белеводскидеги жетим балдар үйүнүн тарбиялануучуларын пансионатта төмөн баа менен эс алдыртты.

“Солемар” эс алуучу жайынын жетекчилиги да жаштар арасында “Ынтымак оюну” деп футбол оюнун уюштурду. Буга аймактагы жаштар ыраазы болуп,  мындай оюндар жылына бир эле эмес, бир нече жолу уюштурулса деп суранууда.

Коомдук иштерде да айыл жаштары демилге көтөрүп, 1985-жылы туулган жигиттер Дузонбаева аттуу апага 4 бөлмөлүү үй салып, үй ичин эмерекке толтуруп беришти. Апанын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 3 баласы бар. Ушул сыяктуу иштерди көргөн айыл жаштары бул демилгени улантып, жардамга муктаж 4-5 жаранды үй-жайлуу кылышты. Э.Керимгазиев мектебине  А. Жунусбеков  аттуу жигит 150 миң сомдой каражат чыгарып, мектепке заманбап доска сатып берди. Аймактагы демөөрчүлөр жардамын аябай, өзгөчө ички жолдорду жасаганга  жардам берип келишет.

Азыр талапты коюп, айылдын ички көйгөйүнө көңүл бурууга мезгил жетти. Бүгүнкү күндө айыл ичиндеги ички жолду асфальттабасак да шагыл төгүп, түздөп чыгууга техника жетиштүү. Бирок, муну жасаардан мурун элден талап кылып, кызыл чекке чыгып кеткендерди тартипке салыш керек.

Айылдагы муниципалдык ишкананын техникалык базасы күчтүү. АТРдин алкагында айыл өкмөттүн апараты билимдүү, күчтүү адистерден түзүлүп, аймактын социалдык- экономикалык өнүгүүсүндө алардын салымы чоң. Өкмөт тарабынан да иштөөгө бардык мүмкүнчүлүк түзүлүп, “бул ишти жасайлы, каражат керек” десек жардам берип, бизди колдоп жатат.

-Жергиликтүү калк  эмне жумуш менен алек?

-Басымдуу эл жайкысын пансионатта, айдоо жери кеңири болгондуктан  дыйканчылык менен алектенет.  Дыйканчылык ишин жүргүзөм дегендерге өкмөт солярка, үрөн жагынан жардам берүүдө.

Дыйканчылык менен алектенгендерди техникалык жактан тейлеген жеке МТСтер бар. Техника өнүккөн заманда алар жер айдагандан баштап, сеялкага үрөндү салып койсок, айдап-сээп, күзүндө эгинди убагында чаап, жыйнап берет. Бизде айыл чарба, атайын багыттагы техникалар кенен. Азыр кандай техника керек болсо элде баары бар.

Биздин аймактын тургундары гектарлап клубника, малина тигип калышты. Темир айылында эле 10 гектардын тегерегинде малина талаасы бар. Дыйкандар клубника тиккен тракторлорду алып келип жатышат. Бизде жумушчу күчү жетпейт. Азыр иштейм дегенге шарт жетиштүү. Айылдагы муниципалдык ишканалар ички жолдорду жасаганга шарты жетип, керектүү техниканын баары турат. Ошол техника менен эзели асфальтталбаган эс алуу үйлөрүнө кеткен жолду муниципалдык ишкана асфальттоодо.

Бишкек-Каракол жолу оңдолуп, машина эмес, самолет коно тургандай болуп, велодрожка менен заманбап жол курулууда. Азыр канчалаган туристтер велосипед тээп жүрөт. Албетте, жол оңолсо өзүбүздүн балдар дагы велосипед тээп, спорт менен машыгышат.

-Аймагыңыздар тоого жакын. Сиздерде тоо туризми кандай өнүгүүдө?

-Тоо туризми да өнүгүп, келип-кеткен туристтин саны арбын. Ошол себептүү, бул багытта көзөмөлдү катуу коюп жатабыз. Тоо десе эле айрымдар Жип машиналар менен чыгып, туш келди айдап, каалагандай от жагып, таштанды таштап кете берет. Туризм деп туш-келди тебелебей, жерибизди көздүн карегиндей сактасак. Бул биздин ата-бабадан калган жер. Аркабыздан өсүп келаткан муунга жерибизди татыктуу өткөрүп берели.

Бизде тоо туризми менен 100дөгөн үй-бүлө жанын багат. Келечекте тейлөө кызматын жакшыртканга аракет кылыш керек. Мейли тоо, көл туризми болсун бизден тазалык керек. Келген туристтер мобу жер таштандыга толгон жер экен дебей, көлүбүздүн, тообуздун кооздугуна суктанып кеткендей болсун.

-Аймакта көйгөйлүү маселелер да болсо керек?  

-Аймак өнүксө экен деп, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз байланышта, кеңешип иш алып барабыз. Көйгөйлөр жок эмес. Азыр өкмөттөн бала бакча, мектептин жылытуу системасын көмүр менен жылыткыла деген талап коюлууда. Союз тарагандан кийин электр энергиясы менен жылытууга өткөрүлгөн да. Эми атайын отканаларды салып мектептерди көмүр менен жылытууга өткөрүүгө бир мектепке жок эле дегенде 10-15 млн. сомго чейинки каражат керек.

Ошондой эле таштанды таштоочу жайларды жаап жатабыз. Семеновка капчыгайында Кырчын жайлоосуна кетип бараткан жолдо таштанды таштоочу жайды рекультивация кылып жаап, убактылуу төгүп туруу үчүн ачып койсок кайра жайылып баратат. Жакынкы күндөрү 100% жаап, ал жерди жашыл зонага айлантуу планыбызда.

Аймагыбызда клубника, малина өстүргөндөрдүн саны көбөйүп, алар талаа жолдорун оңдоп берсеңер деп суранып жатышат. Ал жолдорду оңдоо үчүн грейдер маселеси курч болуп турат.

-Нурдин Асейинович, алдыда дагы кандай иштерди аткарсам деп пландап жатасыз?

Жаштар билимдүү болсун деп билим, маданият, спорт жаатына көңүл буруп, бала бакча, мектептеги балдар татыктуу тарбия алып, алтын сертификат алган окуучулар көп болсо экен дейм. Былтыр 74 окуучуну жакшы, жаман окуйт дебестен Бишкек шаарына алып барып, Жогорку Кеңешти, музейлерди кыдырттык. Азыр ошол 74 окуучунун 47си жогорку окуу жайда билим алып жатат. Быйыл ЖРТга даярдык көрүүдө 10 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын ЖРТга даярдадык. Өсүп келаткан муун билимдүү болуусу үчүн айылдарга  электрондук китепканаларды ачсак дейм.

Маданият тармагын да көңүл сыртында калтырбастан, Темир айылына бардык шарты менен маданият үйүн ачтык. Алдыда бардык айылдагы маданият үйлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү планыбызда бар.

                                                                                                                                         Кенже Осмоналиева