Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл районунунда болгон селдин кесепеттерин жоюуга 120 адам тартылганын кабарлады. Андан тышкары атайын техникалар иштеп жатат.
Кечээ, 11-августта Чолпон-Ата шаарынын Тогуз — Булак тилкесинде төрт үйдү, Бактуу — Долоноту айылында Бактуу — Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып 9 турак жайды сел каптаган. Булан — Соготу айылында бир, Бостери айылында үч турак үйгө сел суулары кирген.