"Эркин-Тоо"

Ысык-Көл суусунун деңгээли түшүп жатат. Көлдү сактоо үчүн комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлөт

Ысык-Көл суусунун деңгээлин көтөрүү жана экологиялык балансты сактоо үчүн облус аймагында атайын комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлөт. Анын алкагында 100 миң гектар сугат жер заманбап технологиялар менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 200 млн доллар бөлүнөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 29-ноябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан Улуттук суу форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын сөзүнө караганда, долбоор көлгө куюучу суулардын азаюусунун алдын алат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!