Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иштери уланууда.
ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.