"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдүн түбүнөн чыккан табылгалар (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматы Ысык-Көлдө тазалоо иштерин жүргүзүп жатып, көлдүн түбүнөн чопо идиштерин жана карапалардын сыныктарын тапты. Аталган кызматтын башчысы, подполковник Сабыржан Аламановдун айтымында, 15-20 метр тереңдиктен табылган бул идиш-аяктар торлорду тазалоо учурунда чыккан.

Тарыхый табылгалар тууралуу маалымат дароо Суучулдар борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевге берилген. Министр аларды тарыхый музейлерге өткөрүп берүүнү тапшырды.