"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдүн түштүк жээгине «Караван» аллеясы курулат

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына «Караван» аталышындагы аллея куруу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда агенттиктин Жети-өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан курулуштун эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Аллеяда кыргыздын улуттук зер буюмдарын (сувенир) жана башка кол эмгектерин сатуу үчүн жайлар каралган.

Андан тышкары, аллеяда тургундар үчүн сейилдөөчү жай, эс алуу үчүн бир нече боз үйлөр жана унаа токтотуучу жай камтылат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!