Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну «Йакын инкар» диний-экстремисттик кыймылынын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын активдүү мүчөлөрүнүн бири 1977-жылы туулган А.А.С. аттуу Балыкчы шаарынын тургуну өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартты.
Ал башка жарандарды бул экстремисттик кыймылдын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.