"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдүн жээгиндежайгашкан мыйзамсыз курулуштар буздурулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Ысык-Көлдүн жээгиндеги 146 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуштун төрагасы Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Жыпаркуловдун маалыматына караганда, анын ичинде 100 метрлик аралыкта жайгашкан жеңил тамактануучу жай, кафе, дүкөн, пирс жана башкалар бар.

Белгиленгендей, Мамлекеттик курулуш тарабынан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюлуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, ал эми соттук процесстер уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!