"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду

 Ысык-Көл районунун Кызы-Өрүк айылында үч өспүрүм жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майга караган түнү өспүрүмдөрдүн бири таятасына таандык Daimler Chrysler автунаасын айдап чыккан. Кызыл-Өрүк айылынын чыгыш тарабындагы «Улан» эс алуу жайына баруучу жолдогу бурулушта айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, ала салып кеткен.

Жол кырсыгынын натыйжасында 3 адам (эркек балдар) окуя болгон жерден каза болгон.

Кырсык Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.