7-18-августта эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн куткаруучулары менен суучулдарыны тажрыйба алмашышат. Иш-чара КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулду.
Ведомствонун маалыматына ылайык, ага Орусия, Казакстан, Палестина, Иордания, Алжир, Азербайжан, Мади, Сауд Аравия, Монголия жана башка өлкөлөрдүн суучулдары жана куткаруучулары катышууда.
Чолпон-Ата шаарында ӨКМге караштуу Суучулдар борборунда министр Бообек Ажикеев чет өлкөлүк суучул-куткаруучулар менен жолугушту.
Бообек Ажикеевдин айтымында, ар бир катышуучунун сууга түшүү даярдыгы жана квалификациясынын деңгээли каралат. Тренингдин соңуна чейин бардык катышуучулар деңгээлин жогорулатып, суу көндүмдөрүн өркүндөтө алышат.