"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Ысык-Көлдө ашпозчуну сабагандар кармалды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 12-августтан 13-августка караган түнү Чок-Тал айылындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабап кетишкенин билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты. Учурда шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.