Ысык-Көлдө диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөсү 2 жылга соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы жана Түп районундагы «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде сот тарабынан уруксат берилген тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүүнүн жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар жана экстремисттик баракчалар табылган.
Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин жыйынтыгы менен «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөсү КРнын Ж.Э.М. аттуу жаран Каракол шаардык соту тарабынан экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылды.