"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө экологиялык милиция кызматкерлери 800 ашык көчөт отургузушту

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясы тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, алардын бири аймактын тоолуу жерлерине бак-дарак отургузуу болуп саналат.

Бул жолу Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ак-Суу районунун токойчулугунун аймагына 800дөн ашык көчөт отургузушту. Тартип сакчылары белгилегендей, алардын негизги максаты – курчап турган жаратылышка кам көрүү жана аны сактоо боюнча жакшы иштерди турмушка ашыруу болуп саналат. Анткени, акыркы мезгилде айрым адамдар жаратылыш байлыгына керектөөчүлүк менен мамиле кылышат. Дал ушул себептен жаратылыш жыл сайын камкор адамдарга көбүрөөк муктаж болот.

Бул иш-чарага Ысык — Көл ОИИБдин башчысы Орунбай Кочкоров дагы катышты. Облустук милициянын башчысы ондон ашык көчөттөрдү жеке өзү гана отургузбастан, туристтик-экологиялык милициянын бул ишке өз үй-бүлө мүчөлөрүн, атап айтканда жашы жете элек балдарды тартуу боюнча демилгесин да мактады.

«Жаратылышка болгон сүйүү жана камкордук сезими жерге үрөн себүүдөн, же көчөт отургузгандан башталат. Муну жасаган адам эч качан табиятына балта чаппайт, эч качан токойго өрт салбайт, жаратылыштын бизге берген белектерине эч качан кайдыгер карабайт», — деп белгиледи Орунбай Кочкоров.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!