"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө электр тармактарына мыйзамсыз кошулган майнинг-ферма аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Караколдо жергиликтүү электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-ферма иштетилип жатканы аныкталды.

“Майнинг-фермада криптовалюта чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулган”, — деп айтылат маалыматта. 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!