16-августта Кош-Көл айылынын «Радуга Вест» эс алуу борборунун пляжында скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуяга байланыштуу КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Буга чейин окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Окуянын бардык катышуучулары Ысык — Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, алардан көргөзмөлөрү алынган.
Эки тарап тең арыз жазып, арыздары Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы — окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш – тартыштан улам болгонун аныктады.
Козголгон кылмыш иштеринин алкагында скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эс алуучулар сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.