"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталдыбы?

Күн мурун саат 18:30да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталган.  ММКлардын айрымдары бул жер силкинүү 5 баллга жеткени тууралуу маалымат тараткан.   Бүгүн КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,9 баллга жеткени белгилүу болду. Силкинүү Тоң районунун Оттук айылынан түндүккө карай 5 чакырым, Кара-Шаар айыдынан батышка карай 5 чакырым, Кара-Талаа айылынан түндүк-батышка карай 10 чакырым, Балыкчы шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашып, силкинүүнүн күчү Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!