"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө Казань федералдык университетинин филиалы ачылат

Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев билдирди. Анын айтымында Татарстанга болгон иш сапарда бул боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлган.

«Аталган окуу жай менен 2/2 форматында окутууга макулдаштык. Бул биздин студенттер алгач эки жыл Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп, кийинки эки жылын Казань федералдык окуу жайында улантат дегенди түшүндүрөт. Азырынча төрт багытта билим берүүгө жетишилди. Атап айтсак, фармакология, теология, IT жана тоо-кен тармагы боюнча студенттер кабыл алынат. Бүтүрүүчүлөр эки мамлекеттин дипломуна ээ болот», — деди Кожоев ММКлардын бирине берген маегинде.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!