Ысык-Көлдө никеге туруу максатында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнө Ысык-Көл районунун 2003-жылы туулган И.З. аттуу туругуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында ошол эле күнү саат болжол менен 15:00 чамасында Корумду айылаймагында белгисиз үч адам эркине каршы күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып кеткендигин билдирип, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Арыз Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук милицсянын Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам-тергөө тобу барып, Корумду айылынын 1981-жылы туулган Э.Э., 1980-жылы туулган Б.М. жана 1998-жылы туулган Д. Б. кармалып, милицияга жеткирилген. Алдын ала суракта кармалган шектүүлөр өз күнөөлөрүн мойнуна алышкан.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин («Никеге туруу максатында адам уурдоо») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө карата Ысык-Көл райондук соту тарабынан 1-ай камака алуу башка коргоо чарасы кабыл алынган.
Тергөө амалдары уланууда.