Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында чет өлкөлүк төрт жаран кар көчкү алдында калып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.
Милициянын маалыматына караганда, 23-февраль күнү Чехиянын 23 жараны лыжа тебүү үчүн Жыргалаң айылындагы мейманкалардын бирине келип жайгашкан.
«Кырсык 25-февраль күнү болгон. Ак-Суу РИИБге Шахты-Жыргалаң айылында 4 жаран кар көчкү алдында калып каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү РИИБге катталып, текшерүү иштери башталган. 23-февралда Чехиянын 23 жараны тоодо лыжа тебүү үчүн Ак-Суудагы мейманкага барып жайгашышкан. 25-февралда саат 09:00дө тоого чыгышкан. Тоодон түшүп келе жатышканда кар көчкү жүрүп, баарын кар басып калган. 19 адам бирин-бири чыгарып, 4 адам каза болгон», -деп айтылат маалыматта.
Ал эми каза болгондордун сөөгү көчкү алдынан чыгарылып, Каракол шаарындагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.