Ысык-Көлдө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-августта УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында радикалдык идеологияны карманганы үчүн бир жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган орусиялык М.М.М. аттуу жаран Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды.
Ал 2023-жылдын январь айында КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына РФ жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн.
Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.