"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө саркынды сууларды тазалоочу жаңы системалар курулат

Бүгүн, 5-июнь күнү, Курулуш министри Нурдан Орунтаев «Туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорунун алкагында келишимдерге кол койду.

Келишим Азия Өнүктүрүү Банкынын каржылоосу менен ишке ашып, Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоочу жайлар, насостук станциялар жана канализациялык коллекторлор курулат. Подряддык уюмдар катары Кытайдын China Road and Bridge Corporation, Tianjin Rong Tai Water Co., Ltd, Tianjin Motimo Membrane Technologies Co., Ltd жана Түркия менен Өзбекстандын ALCATAS-MESMER биргелешкен ишканасы тандалды.

Экологиялык инновацияларга жана таза технологияларга таянган бул долбоор аймакта туризмди туруктуу өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.