"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болду

17-декабрда  Каракол — Түп автожолунда жол кырсыгы катталып,  эки айдоочу каза болуп, 9 жүргүнчү ар кандай жараат менен облустук жана райондук ооруканаларга жеткирилген. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Mazda Xedos автоунаасынын айдоочусу Караколду көздөй баратып, жолдун тайгалагына байланыштуу карама-каршы тилкеге чыгып, Каракол — Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан.

Кырсыктан  эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болгон. Каракол- Балыкчы каттамында кичи автобусту 43 жаштагы айдоочу, жеңил унааны 27 жаштагы жаран башкарып бараткан.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өтө этият болууга чакырат.