"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдөн борборду көздөй каттагандардын саны 110 миңден ашты

Жума жана ишемби күндөрү Ысык-Көл облусуна 110 миңден ашуун унаа киргени маалым болду жана ошол эле унаалар Бишкекке жана башка багыттарга кайтып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Балыкчы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорунда унаа кыймылы жанданды.

Жол кыймылын жөнгө салуу үчүн кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Ошондой эле башкармалык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коопсуздук чараларын унутпоого, катуу ылдамдыкта айдоодон жана каршы тилкеге чыгуудан оолак болууга чакырууда.