Ысык-Көл облусуна “Каркыра” тоо-эс алуу комплекси курулат. Президент Садыр Жапаров бүгүн аталган тоо-эс алуу комплексинин курулушуна капсула салды.
Мамлекет башчысы төрт мезгил бою туруктуу иштей турган жаңы, заманбап эс алуу комплексинин курулушун баштоонун саамалыгына бүгүн Кыргызстан эли күбө болуп отурганын белгиледи.
“Кыргызстандын, айрыкча, Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы эле эмес, кышы да өзгөчө керемет. Бир эле “Каракол” лыжа базасын ала турган болсок, КМШ өлкөлөрүндөгү кышкы эс алуу жайларынын ичинде алдыңкы орундарды ээлеп келаткандыгы, чет өлкөлөрдөн келген туристтердин бул лыжа базасына, дегеле, Ысык-Көлдүн кышкы жаратылышына суктанган пикирлеринин арбындыгы буга далил деп ойлойм. Мындан сырткары, ар жыл сайын “Каракол” лыжа базасына ички жана тышкы туристтердин келишине, узакка кезек күтүүлөрүнө баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз.
Мындай шартта бүгүнкү “мезгил кутусу” салынып, пайдубалын түптөлүп жаткан жана төрт мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу мезгилдин талабы, туристтердин күткөн тилеги десем жаңылышпаймын”, — деди Президент.
Садыр Жапаров белгилегендей, Чымынды-Сай аймагына салына турган бул комплекске авто унаа менен жетүүгө да абдан ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Долбоордун инвестициялык бюджети 191 млн АКШ доллары өлчөмүндө жана алты этап менен курууга эсептелинген.
Белгилей кетсек, «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин долбоору орусиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылууда. Комплексти курууда инновациялык экологиялык курулуш материалдары колдонулат.