«17-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 215 баланы Ысык-Көлдөгү «Жалын» жайкы лагерине жөнөттү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, балдарды эс алууга узатууну министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева көзөмөлдөдү.
Эс алуу аз камсыз болгон жана фостердик үй-бүлөлөрдүн балдары, интернаттардын тарбиялануучулары, майыптыгы бар балдар, жетимдер жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулган.
Балдардын эс алуусуна республикалык бюджеттен 5 млн сом каралган.