Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 5–7-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн аймагынан жалпы узундугу 15 миң 100 метр келген торлорду чыгарышты.
Тазалоо иштери Түп районунун Күрмөнтү айылынан башталып, Өрүктү айылына чейинки көл жээгин камтыды.
Учурда көлдү мыйзамсыз салынган торлордон арылтуу иштерине ӨКМдин 30дан ашык суучулу тартылып, тынымсыз иш алып барышууда.