Ысык-Көл облусунун көл жээгинде экологиялык мыйзам бузууларга каршы күрөшүү максатында көзөмөл мунаралары орнотулду. Бул тууралуу милициянын генерал-майору Мурат Боронов билдирди.
Заманбап күзөт жана көзөмөл мунаралары Түп районундагы Кудургу жана Тогуз-Булак айыл аймактарына орнотулду. Аталган объекттерге күнү-түнү иштөөгө жөндөмдүү, эл аралык стандарттарга жооп берген Hikvision DS-2TD8166-150ZE2F үлгүсүндөгү биспектралдуу PTZ видеокамералар орнотулду. Бул камералар 14 чакырымга чейинки аралыкты чагылдыруу, 5 чакырымдан адамдын жүзүн таануу жана 7 чакырымга чейин жылуулук сигналдарын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Мындан тышкары, мунаралар уруксатсыз кирүүлөрдү жана кооптуу жагдайларды аныктоо үчүн алдын ала сигнал берүүчү коопсуздук системалары менен жабдылган. Генерал-майор Бороновдун айтымында, мындай чаралар Ысык-Көлдүн жаратылышын жана экологиясын коргоо багытындагы иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

