Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Каджы-Сай айылында Өзбекстандын Bo’ston Resort аттуу эс алуу жана дарылоо комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Ishonch гезити жазды.
Ачылыш аземине Өзбекстандын Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы, сенатор Кудратилла Рафиков баштаган делегация жана Кыргызстандан келген ардактуу коноктор катышты. Салтанатта курмандык чалынып, куран окулуп, эки элдин достугуна ак баталар берилди.
— Бул тарыхый окуя. Саясий жана экономикалык туруксуздук өкүм сүрүп турган учурда, кыргыз-өзбек достугу жаңы мааниге ээ болууда. Бул ыйык мамилени ар кандай терс көрүнүштөрдөн сактоо жалпыбыздын милдети, — деди Рафиков.
Маалыматка караганда, жайкы мезгилде 400гө, кышында 200гө чейин эс алуучуну кабыл алууга ылайыкташкан комплекс заманбап эс алуу жана дарылоо шарттарына жооп берет. Ошондой эле 7 кабаттуу санаторий бөлүгү реконструкцияланып, медицина багытында кызмат көрсөтөт.
Иш-чаранын соңунда символикалык ачкыч тапшырылып, курулушка салым кошкондор сыйланды. Ачылыш концерттик программа менен жыйынтыкталды.