"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдүн тургуну чоочун банктык картадан акча чыгарып алган

Ысык-Көл облусунда көчөдөн таап алган банктык картадан  27000 сом чыгарып алган жаран кармалды, деп билдирди облустук милициядан.

Маалыматка караганда, 20-сентябрда Жети-Өгүз РИИБге Кызыл-Суу айылынын 62 жаштагы тургуну кайрылып, 15-августтан 20-августка чейинки аралыкта белгисиз себептер менен эсебинде 27000 сом бар банк карточкасын жоготуп алгандыгын билдирген.

Ошондой эле, 5-сентябрда белгисиз адамдар эсебиндеги акча каражатын толугу менен чыгарып кеткендигин кошумчалаган.

Жабырлануучунун арызы райондук милицияга катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жакында, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Жети-Өгүз РИИБдин өкүлү жана балдар иштери боюнча инспектору тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал, Кызыл-Суу айылында жашаган 40 жаштагы Ж.Г. аттуу аял киши болуп чыкты. Алгачкы сурактын жүрүшүндө, банк карточкасын көчөдөн табып алганын, андан кийин 27000 сом акча каражатты ошол эсептен алгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!