"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө ӨКМ кызматкерлери үчүн эс алуу жайы ачылды (видео)

Бүгүн, 25-июлда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда «Асыл-Таш» эс алуу жайынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземине ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, өлкө аймагындагы башкармалыктарынын жана мекемелеринин жетекчилери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев куткаруучуларды жаңы эс алуу жайына ээ болушу менен куттуктады.

Министрдин айтымында, бул объект мурда жеке менчикте болуп, кийин Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясатынын алкагында мамлекетке өткөрүлгөн. Мындан ары «Асыл-Таш» пансионаты куткаруучулардын эс алуусу үчүн пайдаланылат.

Эс алуу жай министрликтин карамагына өткөндөн кийин толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.