"Эркин-Тоо"

Ысык- Көлдө беш окуучу мугалимди сабап салышкан

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринин жогорку классынын беш окуучусу директордун тарбия иштери боюнча орун басарын сабап кеткен. Бул туурасында аталган облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя 2022-жылдын 18-июндан 19-июнга караган түнү болгон.
2022-жылы 19-июнда Жети-Өгүз райондук милициясына телефон аркылуу Жети-Өгүз райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат келип түшкөн.
Саруу айылынын 25 жаштагы О.У. аттуу жараны арыз менен кайрылып, 19-июнга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Саруу айылына караштуу орто мектептин окуучулары аны сабап кеткенин билдирген.
Мугалимдин айтканына караганда, балдар тоого чыгууга уруксат сураган, бирок ал макул болгон эмес.
О.У. Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде («Бейбаштык») иш козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө Саруу айылындагы 17 жаштагы А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т. С. аттуу окуучу балдар шектүү катары кармалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!