"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдыгына арналган эл аралык форум өтүүдө

Бүгүн Ысык-Көл жээгиндеги «Чайка Ресорт» пансионатында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине арналган эл аралык форум өтүп жатат. Иш-чара эки күнгө уланат.

Форумга Түркия, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан мамлекеттеринен келген делегациялар, ошондой эле Кыргызстандагы министрликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кесиптик бирликтер федерациясы, ардагерлер жана бардык аймактардан келген кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышууда.

Форумдун алкагында пленардык жыйындар өтүп, бир катар өлкөлөрдүн кесиптик бирлик уюмдары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлат. Мындан тышкары, тематикалык тегерек столдор жана тажрыйба алмашуу чаралары да уюштурулат.

Форумдун негизги максаттары — билим берүү тармагындагы эл аралык кесиптик бирдик кызматташтыгын чыңдоо, мугалимдердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо мыкты тажрыйбаларды жайылтуу, ошондой эле социалдык коргоо жана кесиптик өнүгүү багытында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу болуп саналат.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 1925-жылы негизделген. Бир кылымдык тарыхында уюм миңдеген мугалимдерди жана илимпоздорду бириктирип, алардын укуктарын жана социалдык кызыкчылыктарын коргоп келди. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 3 997 баштапкы уюм иш алып барып, жалпы 184 миңден ашуун мүчөнү камтыйт.

Форумдун жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Рустам Нурматов катышуучуларды куттуктап, мындай деди:

«Урматтуу кесиптештер, ардагерлер жана өнөктөштөр! Сиздерди биздин маанилүү дата — Кесиптик бирликтин 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул жөн гана дата эмес, бул биздин биримдигибиздин, туруктуулугубуздун жана ишибизге берилгендигибиздин символу. Кыргызстандын билим жана илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ар бириңиздерге ыраазычылык билдирем. Салттарыбызга бекем туруп, жаңы бийиктиктерди багындырууга биргелешип жетебиз деп ишенем».