"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө эки кесиптештин мас абалында жолугушуусу биринин өлүмү менен аяктады

Ысык-Көлдө эки кесиптештин мас абалында жолугушуусу алардын биринин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү саат 03:10 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына райондук аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда Ананьево айылынын 34 жаштагы тургуну К.У. курсагынан учту нерсе менен жаракат алып түшкөндүгүн жана жандандыруу бөлүмүндө ээсине келбей каза болгондугу маалымдалган.
Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жиберилген болчу.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, ушул эле күнү болжол менен түнкү саат 01.00 чамаларында Бактуу-Долоноту айылында 35 жаштагы жергиликтүү тургун Б.Д. кесиптеши 34 жаштагы Ананьево айылынын тургуну К.У. менен кезигишип, спирт ичимдиктерин ичишкенин милиция кызматкерлери аныктаган. Спирт ичимдиктерин ичүү учурунда алардын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен Б.Д. бычак менен кесиптешин бир нече жолу курсак тушуна сайып жиберген. Андан кийин жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

Аталган факты Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 130 (Ден соолукка оор залал келтирүү) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү болуп кармалган жаран алгачкы суракта толугу менен күнөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!