Бүгүн, 11-августта саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.