"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 27-январда таңкы саат 06:10до Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

«Жер титирөөнүн очогу Каракол айылынан батышка карай 6 чакырым, Кара-Сай айылынан түштүк-батышка карай 45 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 73 чакырым, Каракол шаарынан түштүк-батышка карай 140 жана Бишкек шаарынан түштүк-батышка карай 275 чакырым аралыкта жайгашкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Жердин силкинүүсү Каракол айылында 5 балл, Кара-Сай айылында 3,5 балл, Каракол шаарында 3 балл, Кажы-Сай айылында 3 баллга чейин сезилген .

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!