"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө Кызыл китепке кирген балыкты мыйзамсыз кармаган жаран кармалды

8-июнь күнү болжол менен таңкы саат 7.30 чамаларында, Тоң районунун Кош-Кара-Көл тилкесиндеги көлмөсүнүн жээгинде, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери рейд жүргүзүү учурунда, Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну 38 жаштагы Б.Ы. кармалды. Жарандан резина кайык, узундугу 320 метрге жакын синтетикалык балык уулоочу тор жана 39 даана мыйзамсыз кармалган балык табылып алынган.

Алынган балыктардын арасында 10 даана «Сазан» балыгы, 9 даана «Карась» балыгы, 5 даана «Чабак» балыгы бар экен. Ошондой эле, милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген «Ысык-Көл ак балыгына» болжолдуу 15 даана балыгын алышты.
Аталган факт Тоң РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алынган балыктардын түрлөрүн жана келтирилген зыянды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга да жөнөтүлдү.
Текшерүү уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!