"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ысык-Көлдө «Мейкин Азия» фестивалынын биринчи туру жыйынтыкталды

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында IV эл аралык «Мейкин Азия» эстрадалык музыка фестивалынын биринчи айлампасы жыйынтыкталды.

25 өлкөдөн келген таланттуу ырчылар өз өнөрлөрүн тартуулап, ар биринин чыгармасы калыстар тобу менен көрүүчүлөрдүн добушу аркылуу бааланды.

Биринчиликке Россиялык Кира Гоголадзе 70 упай менен чыкса, кыргызстандык Урмат Сатыбалдиев 69 упай алып, экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орунду болсо румыниялык Мария-Диана Стынчуляша 67 упай менен камсыздады.

Кыргызстандын дагы бир өкүлү Камир 64 упай, Арууке Атантаева 59 упай топтоду.

Экинчи тур 21-июлда өтөт. Ал эми фестивалдын гала-концерти жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 22-июлга белгиленген.

Фестивалдын соңунда белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген концерт коюп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулайт.