"Эркин-Тоо"

Ысык-Көлдө суу азайып, көл тартылып калганбы? Адистин жообу

Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн суусу азайып, көлдүн тартылып кеткендигинин сүрөттөрү жарыяланып жатат.

Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтуна караштуу Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан агенттигине суунун деңгээли кандай себептерден улам азаярын түшүндүрүп берген.

«Көлдүн деңгээли түшүп жатат. Суу азайганда жээк жылат. Адатта көлдү кар, жаан жана мөңгүлөрдөн агып келген суулар толтурат. Бирок ага агып келип жаткан суулардын көбүн сугатка бөлүп кетип жатышат. Ошол себептен Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли түшүүдө. Кар, жаандын аз жаашы да буга себеп», — деген Сатылканов.

Ал көлдүн деңгээлине 1927-жылдан бери байкоо жүргүзүлүп келерин айтып, ошондон бери бир эле жолу суу көбөйгөнүн белгиледи.

«1927-жылдан бери көлдүн деңгээли түшүп эле келе жатат. Ортодон 1998-жылдан 2011-жылга чейин көтөрүлгөнү байкалган. Бул мезгилде колхоз, совхоз тарап, эл сууну сугатка көп бурбай, жаан да жакшы жааган. Кайра 2011-жылдан баштап суу азая баштады. Жаан-чачын көп жаабай, күн катуу ысып, ошондон улам көлдүн деңгээли түшүүдө», — деди адис.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!